Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясы
2020-жылдын 26-июну № 176
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу көлөмү «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2021-2022-2023-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2021-жылга кирешелер жана чыгашалары 47318,7 миң сом өлчөмүндө, 2022-жылга киреше жана чыгашалары 48093,7 миң сом өлчөмүндө, 2023-жылга кирешелер жана чыгашалары 49012,1 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |