Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясы
2020-жылдын 26-июну № 177
Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын тургундарынын 2020-жылдын 26-июнундагы шаардык кеңешке 350 метр узундуктагы ички көчөгө асфальт төшөө үчүн элдин демилгеси менен 200 миң акча топтолгонун билдирип, шаардын бюджетинен кошумча 235 миң акча каражатын бөлүп берүүнү суранышкан кайрылууну карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер участкасынын 350 метр узундуктагы ички көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 235 миң (эки жүз отуз беш миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |