Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
2020-жылдын 6-июлу № 178
Кадамжай шаарынын Жийделик участкасында шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна негиз жана Кадамжай шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 3-июлундагы чыгыш № 1-357 сандуу катын карап, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндөгү № 8127 сандуу шайлоо участкасында шайлоочулардын саны 2,5 миңден ашып, 2020-жылдын 16-апрелине 2574 шайлоочуну түздү. Жийделик участкасы Кадамжай шаарынын борборунан 2,5 км аралыкта жайгашканын эске алуу менен шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту түзүү максатында Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Жийделик участкасында Жийделик толук эмес орто мектебинин имаратында шайлоо участкасын түзүү жагы (жалпы шайлоочулардын саны 539) Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Жийделик шайлоо участкасынын чек арасы Калинин көчөсүндөгү № 1-үйдөн № 48-үйгө чейин, Калинин 1а, 5а, 6а, 20а, 23а, 35а үйлөр; Зеленая көчөсүндөгү № 1-үйдөн № 6/7-үйгө чейин, № 8, № 9/10-үйлөр, № 11-үйдөн № 22/23-үйгө чейин, № 24-үйдөн № 43-үйгө чейин, Зеленая 4а, 15а, 25а, 31а, 34а, 36а үйлөр; Профилакторская көчөсүндөгү 1-1-үйдөн 1-4-үйгө чейин, 2/1-2, 2/3-4-үйлөр, № 3-үй, 4-1, 4-2-үйлөр, 5-1/2, 5-3, 6-2, 6-5, 7-1/2, 7-3-үйлөр, 8-1 үйдөн 8-4 үйгө чейин, № 9, 10-үйлөр, № 11-4, 11-3, 11-1/2 үйлөр, № 12-үйдөн № 22-үйгө чейин; Дары-Булак көчөсүндөгү № 1 үйдөн № 64-үйгө чейин, № 7а үй, 65-1 үйдөн 65-8-үйгө чейин, 66-1,13, 66-3, 66-5, 66-11-үйлөр, № 67-үйү болуп бекитилсин.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |