Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясы
2020-жылдын 10-июлу № 179
Кадамжай шаарындагы аймактык ооруканасына эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кошумча дем берүүчү кычкылтек концентраторлорун сатып алуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши аймактык оорукананын 2020-жылдын 7-июлундагы чыгыш № 01-20/347 сандуу кайрылуу катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен жыл башында 3112-статьясына (эмерек сатып алууга) каралган акча каражатын башка статьяга (медициналык дары-дармектер, аппараттар) жылдырып, азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 4 даана кычкылтек концентраторун сатып алууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |