Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVIII сессиясы
2020-жылдын 8-сентябры № 181
Кадамжай шаарынын аймагындагы мектептерди 2020-2021-окуу жылына даярдоодо, учурдагы (COVID -19) кырдаалга байланыштуу санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2020-жылдын 18-августундагы 1-426 номери менен чыгышталган кайрылуусун, шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2021-окуу жылына карата учурдагы (COVID-19) кырдаалга байланыштуу шаардын аймагындагы мектептердин санузелдеринде санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу үчүн оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн сметага ылайык 985 683 (тогуз жүз сексен беш миң алты жүз сексен үч) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |