Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVIII сессиясы
2020-жылдын 8-сентябры № 182
Кадамжай шаарынын Береговая көчөсүнүн 530 метр аралыктагы ички чарбалык жолду асфальтоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 1-августунда 1-451 номер менен чыгышталган кайрылуусун, шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-бересине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Береговая көчөсүнүн 530 м аралыктагы ички чарбалык жолду асфальтоого 500 000 (беш жүз миң) сом өздүк салым катары, оңдоп түзөө иштерине 800 000 (сегиз жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |