Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVIII сессиясы
2020-жылдын 8-сентябры № 183
Муниципалдык менчик департаментинин 3111 курулмалар статьясынан 300 000 (үч жүз миң) сом азайтып, “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасына 2512 субсидия статьясына 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 7-сентябрында 90 номер менен чыгышталган кайрылуусун, шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик департаментинин 3111 курулмалар статьясынан 2512 статьясына 300 000 (үч жүз миң) сом жылдырып, “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасына субсидия катары 300 000 (үч жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |