Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVIII сессиясы
2020-жылдын 8-сентябры № 185
Кадамжай шаарынын футбол боюнча жаштар командасы КР футбол боюнча улуттук лигасынын оюндарына катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2020-жылдын 3-сентябрында 1-454 номер менен чыгышталган кайрылуусун, шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын футбол боюнча жаштар командасы КР футбол боюнча улуттук лигасынын оюндарына катышуусуна Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясына өздүк салым киргизүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын ФЭБнүн башчысы М.Жумаматовко ажыратылган каражат (200 000 сом)даректүү иштетилгендиги жөнүндө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай шаарынын футболдук “Металлург” командасынын президенти К.Нарбаевке команданын турнирлерге катышкандыгы, ээлеген орундары жөнүндө шаардык кеңешке маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |