Редакцияот 30.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXIХ сессиясы

2020-жылдын 30-сентябры № 187

Кадамжай шаардык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнундагы №171-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кадамжай шаардык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнунда кабыл алынган 171 номериндеги токтомунун экинчи пункту болуп төмөндөгү киргизилсин:

- “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 20297,0 чарчы метр жер аянтын Кадамжай шаардык мэриясынын аймагынан которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.    Кадамжай шаардык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнунда кабыл алынган 171 номериндеги токтомдун экинчи пункту үчүнчү пункт болуп эсептелсин.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов