КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 50 сессиясы
2020-жылдын 22-октябры № 189
Кадамжай шаарын камсыздап турган таза суу түтүктөрүнүн Жийделик участкасындагы бөлүгүн бекемдөө жумуштарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы 1-546 номери менен чыгышталган кайрылуусун, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарын камсыздап турган таза суу түтүктөрүнүн Жийделик участкасындагы бөлүгүн бекемдөө жумуштарына 528 986 (беш жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз сексен алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |