КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 50- сессиясы
2020-жылдын 22-октябры № 190
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2001 аскер бөлүгүнүн Кадамжай автодорожный постун оңдоп түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы 1-590 номери менен чыгышталган кайрылуусун, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2001 аскер бөлүгүнө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |