Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 50- сессиясы
2020-жылдын 22-октябры № 191
Таш-Кыя айылындагы Кум арыкты оңдоп түзөө жана А.Токтобаев көчөсүнө жол ачуу жумуштарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 20-октябрындагы 1-603 номери менен чыгышталган кайрылуусун, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Кыя айылындагы Кум арыкты оңдоп түзөө үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом жана А.Токтобаев көчөсүнө жол ачуу жумуштарына 89 900 (сексен тогуз миң тогуз жүз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |