Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-январы № 16/2
Красный Восток айыл аймагынын 2020- жылга бюджетин бекитүү тууралуу
Красный Восток айыл аймагынын 2020-жылга бюджеттин кириш-чыгыш бөлүмдөрүн бекитүү боюнча, каржы бөлүмүнүн башчысы А.Т.Кадыралиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджеттин киреше бөлүгү 2020-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин
-өздүк курам - 7167,2 миң сом
-атайын каражат - 2295,0 миң сом
-теңдеме грант - 3591,3 миң сом.
Баардыгы – 13053,5 миң сом
2.Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин:
-өздүк курам - 4952,8 миң сом, анын ичинде атайын каражат - 80,0 миң сом
-турак жай коммуналдык чарбасы – 1578,7 миң сом
-китепкана - 132,7 миң сом
-маданият үйү - 115,4 миң сом
-башталгыч бала бакча мекемеси - 2568,9 миң сом, анын ичинде
– 2215,0 миң сом
- башталгыч орто мектеби - 710,0 миң сом
- социалдык коргоо - 700,0 миң сом
Баардыгы: 13053,5 миң сом
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |