Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябрь № 14/1
Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүү үчүн айылдык кеңеш менен бекитилген “Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүп берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө” Красный Восток айыл аймагынын башчысы - Э.Алыбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн, Красный Восток айылдык кеңешинин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык министрлигине жөнөтүлсүн.
Төрага | Б.Закиров |
|