Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 9-июль № 13/1
Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылынын 21-апрелиндеги №14/4 “Ат майданын куруу үчүн каралган жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна кошумча жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылынын 21-апрелиндеги №14/4 “Ат майданын куруу үчүн каралган жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна кошумча жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Красный Восток айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кеңешинин отурумунун
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный Восток айылдык Кеңешинин 2015-жылынын 21-апрелиндеги №14/4 “Ат майданын куруу үчүн каралган жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү кошумча жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1- пункту төмөндөгү сөздөр менен толукталып “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга , деген мааниде окулсун:
- Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасында жайгашкан жалпы аянты 41,7 га ,төмөнкү контурлардагы № 24-2,4га, 25-0,6га, 27-0,1га, 28-3,4га, 29-0,7га, 30-0,6га, 32-0,5га, 33-0,4га, 35-0,4га, 36-4,1га, 37-8,4га, 38-9,4га, 39-2,0га, 40-1,5га, 44-0,8га, 45-0,5га, 46-1,4га, 47-3,1га, 54-1,1га, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Красный Восток айыл аймагынын башчысы – Э.Алыбаев, жайыт багытындагы жерлерин, ат майданын куруу үчүн башка категорияга которуу боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын башчысына сунуш менен кайрылсын.
3. Куруу иштери аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ат майданын Красный Восток айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү агрардык маселелер боюнча, депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |
|