Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январь № 73/28 XХII
Ивановка айыл аймагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу максатында, Ивановка айыл аймагынын 1120 участогунда жайгашкан 0,7 га жердин категориясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 5 - январында № 1 токтомунун негизинде, Дуйнөлүк Банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган “Айылдык суу менен камсыздоосун жана санитариясын Туруктуу өнүктүрүү” долбоору менен Ивановка айыл аймагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу максатында, 1120 участогундагы 0,7га жер аянтын “Айыл чарба багытында жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы” жер категориясына которуу боюнча айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чуй облусунун Ысык - Ата районуна карашту Ивановка айыл аймагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу жана Ивановка айыл аймагынын суу сордуруучу жайларын жайгаштыруу максатында, Ивановка айыл аймагынын №1120 участогундагы 0,7га жер аянтын “Айыл чарба багытында жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы” жер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Ата роайондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы, Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Дж. Усуповго жуктөлсүн.
Ивановка айылдык кенештин төрөгасы | М.Алиев |