СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 46
«Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө»
Сауд аравиясынын өнүктүрүү фондунун “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдуу үчүн 1млн америкалык доллар инвестициялык акча каражатын колдонуу боюнча” долбоорун ишке ашыруу максатында жана 2019-жылдын 20-декабрындагы жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча Сокулук райондук комиссиясынын корутундусунун карап чыгып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сокулук айыл аймагынын “Присельный” участогунда жайгашкан №471 контурунун “Айыл чарба багыттагы” категориясына кирген (Мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жери) жалпы аянты 10,0 гектарды түзгөн сугат айдоо жер тилкесин “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга, жана ошондой эле коомдук курулуш үчүн ветеринардык лаборатория, логистикалык борбор курууга “карантиндик зона” Сокулук айылдык кеңеши макулдугун берет.
- Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн.
- Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.