Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январь №122/XXXV-1
Каныкей (Ломоносова) 14/1, Коммунистическая 5/1, Коммунистическая 5/4, Калинина 7 дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 257 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 4,5,11 пункттарына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каныкей (Ломоносова) 14/1, Коммунистическая 5/1, Коммунистическая 5/4, Калинина 7 дарегинде жайгашкан ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алынсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |