Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин
2020-жылдын “14” январы
№144 токтомуна
тиркеме
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын
УСТАВЫ
Биз, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү, жашоо үчүн татыктуу шарттарды түзүү максатында, биздин аймагыбызда биримдикти, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын шайкештигин, жарандык ынтымактуулукту, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылууга умтулуу менен, бардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу, улуттук ар-намысты жана кадыр-баркты, жакшы улуттук салтты сактоо, кечиримдүүлүк, айкөлдүк, чыдамдуулук көрсөтүү керек деген ата-бабалардын жалпы адамзаттык рухий баалуулуктардын артыкчылыгы жөнүндө айтып, калтырган осуятынын жолун жолдоп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана эгемендүүлүгүн бекемдөөгө өзүбүздүн каалообузду жар салуу менен, Конституцияны жана мыйзамдарды бекем тутуп, өз конституциялык укугубузду ишке ашыруу менен, өз алдынча өзүбүздүн кызыкчылыгыбызда жана өзүбүздүн жоопкерчилигибизде жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн, өзүбүздүн өкүлдөрүбүздүн атынан ушул Жергиликтүү жамааттын уставын (мындан ары-Устав) кабыл алабыз.
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.
2. Ушул Устав Бишкек шаарынын аймагында колдонулат жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан, бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
II. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
3. Ушул Уставда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү шаардын калкынын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелери;
демилгелүү топ – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жарандардын курултайын же чогулушун өткөрүүнү демилгелеген, же болбосо, ушул Уставга ылайык Бишкек шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актысынын долбоорун демилгелөөчү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тобу;
курултай – жалпы кызыкчылыкты көздөгөн маселелерди талкуулоо үчүн мыйзамга жана ушул Уставга ылайык курултайдын делегаттарын шайлоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн эрк-ниетин тикелей билдирүү формасы;
жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомунун долбоорун) иштеп чыгууга жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизүүгө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын укугу;
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааты – Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган, Бишкек шаардык кеңеш жана Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү;
муниципалдык менчик – шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын менчиги;
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу, Бишкек шаардык кеңеши (өкүлчүлүктүү орган) жана Бишкек шаарынын мэриясы (аткаруу органы);
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жана жашаган жери боюнча катталган Кыргыз Республикасынын жараны.
III. Бишкек шаарынын аймагы жана чектери
4. Бишкек шаарынын аймагына шаардын белгиленген администрациялык-аймактык чегинде жайгашкан, менчиктин категориясына жана формасына көз карандысыз болгон шаардын бардык жерлери кирет.
5. Бишкек шаарынын аймагы, шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу уюштуруу, натыйжалуу жүргүзүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген иш-милдеттерди талаптагыдай аткаруу максатында, 4 администрациялык районго: Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондоруна бөлүнөт.
IV. Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнө кирүүнүн жана андан чыгуунун тартиби
6. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп, жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жашаган жери боюнча Бишкек шаарынын аймагында катталган, Кыргыз Републикасынын жараны саналат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн башка шарттарын, ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздеринен сырткары белгилөөгө жол берилбейт.
8. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн төмөнкү учурларда чыгат:
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
анын өлгөндүгүн, дайынсыз жок болгондугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
каза болгондо;
туруктуу жашоо үчүн Бишкек шаарынын чегинен чыгып кеткенде.
V. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
9. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин кесиптик негизде (муниципалдык кызматта) же коомдук башталыштарда жүзөгө ашырууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун демилгелөө үчүн жана аларды Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду уюштурууга;
Бишкек шаардык кеңешке жана Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү жамааттын жашоо-тиричилик маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан киргизилген жеңилдиктерди, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биргилешкен күчү, муниципалдык менчикте турган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызматтары менен түзүлгөн бардык байгерликтерди пайдаланууга;
жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн курултайларына, чогулуштарына жана коомдук угууларына катышууга, аларда өз ой-пикирин эркин билдирүүгө жана мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу максатында, кайрымдуулук жана коомдук-пайдалуу иш-чараларга (кайрымдуулук акциялар, марафондор, ашарлар, ишембиликтер ж.б.) катышууга;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү чечимдерди кабыл алуу менен, милдеттүү каралууга тийиштүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышууга;
Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган Бишкек шаардык кеңешинин ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоого катышуу үчүн маалымат алууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка укуктарды пайдаланууга.
10. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларынын, аксакалдар сотторунун, алардын ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган чечимдерин аткарууга;
улууларды урматтоого, кичүүлөрдү камкордукка алууга жана кам көрүүгө;
тынчтыкты жана адилеттүүлүктү орнотууда аксакалдар сотторуна, коомдук тартипти коргоочу кошуундарга көмөк көрсөтүүгө;
улут аралык ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, өз ара түшүнүшүүгө, сыйлашууга жетүүгө өбөлгө берүүгө;
муниципалдык менчиктердин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө колдон келишинче салым кошууга, аны абайлап колдонууга жана сактоого;
Бишкек шаарын көрктөндүрүү, үй аймагына жанаша жайгашкан турак жайларды жана жалпы пайдалануудагы жерлерди колдонууга, күтүү эрежелерин, санитардык ченемдерди сактоого;
жалпы пайдалануудагы жерлерди жана аларга тиешелүү аймакты жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө катышууга;
куруу, өрт коопсуздук эрежелерин сактоого;
айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, жерди, сууну жана башка табигый ресурстарды, жылуулук, электр жана энергиянын башка түрлөрүн, сарамжалдуу колдонууга;
тарыхый жана маданий эстеликтердин жана башка көрүнүктүү маданий жерлерди коргоого көмөк көрсөтүүгө;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин сыйлоого.
VI. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
11. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзүшөт:
Бишкек шаардык кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
Бишкек шаарынын мэриясы – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.
12. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде, жергиликтүү жамааттын атынан өз ишин жүргүзөт.
13. Бишкек шаардык кеңешинин түзүмү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
14. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынын тартибине ылайык бекитилет.
15. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынуучу чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
16. Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
17. Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам чыгаруу актылары тарабынан аныкталат.
VII. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
18. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп, жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын аймагынын бөлүгүндө жашаган жери боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өзүн-өзү уюштуруу түшүнүлөт.
19. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген, кичирайондор, үй, кварталдык комитеттер, жамааттардын (коомчолордун) кеңештери жана комитеттери формасында жана башка формаларда жүзөгө ашырылат.
20. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары өз ишин өз алдынча башкаруу принциптеринде түзгөн аксакалдар соттору, ардагерлер кеңештери, жаштар уюмдары, аялдар комитеттери жана башка коомдук бирикмелер, жергиликтүү жамааттын ассоциациялары, бирликтери менен кызматташтыкта иштейт.
21. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жарандардын төмөнкү жашаган аймактарынын чегинде жүзөгө ашырылат:
көп батирлүү турак үйү же көп батирлүү турак үйлөрдүн тобу;
жеке турак үйлөрдүн тобу;
кичирайон;
конуштар (жаңы конуштар).
22. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги же башка турак жай кооперативдери менен башкарылуучу көп батирлүү турак үйдө, же көп батирлүү турак үйлөрдүн тобунда аймактык коомдук өз алдынча башкарууну түзүүгө укуктуу.
23. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун аймагынын чектери Бишкек шаардык кеңеш тарабынан, жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен белгиленет.
24. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары өзүнүн статусун Бишкек шаардык кеңеште эсептик каттоодон өткөн мезгилден баштап алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактарды мамлекеттик кайра каттоо чөйрөсүндө юридикалык жак статусун алууга укуктуу.
25. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары өз ишинде төмөнкүлөргө отчёт беришет:
аларды шайлаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна;
аларды каттаган Бишкек шаардык кеңешине;
Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу аймактык укуктук бөлүмдөрүнө.
26. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
27. Бишкек шаардык кеңеши, Бишкек шаарынын мэриясы, ишканалар, уюмдар жана мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларынын сунуштарын карашат жана жоопторду беришет.
VIII. Жергиликтүү жамааттын курултайы
28. Бишкек шаарынын аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган, жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча жамааттык чечимдерди кабыл алуу үчүн, жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары – курултай) чакырылат.
29. Жергиликтүү жамааттын курултайын чакыруу жөнүндө чечим, күн тартиби жана аны өткөрүүнүн мөөнөтү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
30. Курултайды чакыруу демилгеси Бишкек шаардык кеңешине, Бишкек шаарынын мэрине, калктын демилгелүү тобуна (жергиликтүү жамааттын 15 пайыздан кем эмес мүчөсүнө) таандык.
31. Эгер курултайды чакыруу демилгеси:
Бишкек шаарынын мэрине таандык болсо, анда Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешине курултайдын күн тартибин жана курултайды чакыруу негиздемесин көрсөтүү менен кайрылат;
калктын демилгелүү тобуна таандык болсо, анда калктын демилгелүү тобу Бишкек шаардык кеңешке жазуу жүзүндөгү кайрылуудан сырткары, курултайдын күн тартибин жана курултайды чакыруу негиздемесин көрсөтүү менен, жергиликтүү жамааттын 15 пайыздан кем эмес мүчөсүнүн колу коюлган барактарды бериши керек.
32. Кол коюу барактарында жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн аты-жөнү, туулган датасы (күнү, айы, жылы), жашаган дареги, колу, кол койгон күндүн датасы көрсөтүлөт. Кол коюу барактарындагы маалыматтар жана кол тамгалардын аныктыгы Бишкек шаардык кеңештин тапшырмасы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү аймактык бөлүмдөрү тарабынан бир ай ичинде кол коюу барактарын кабыл алган күндөн тартып текшерилет.
33. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн ченеми 500 делегатты түзөт, мында Бишкек шаарынын ар бир администрациялык районунан делегаттардын өкүлчүлүк ченеми, Бишкек шаардык кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын чакыруу жөнүндөгү маселесин чечүүдө, администрациялык райондордун жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн санына пропорционалдуу аныкталат.
34. Курултайга Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы тарабынан аныкталган маселелер киргизилет.
35. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаардык кенешинин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
36. Курултайга делегаттар ушул Уставдын 33-пунктунда белгиленген өкүлчүлүктүн ченемине ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында шайланышат.
37. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү үчүн, анын ичинде Бишкек шаардык кеңеши тарабынан курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын өкүлдөрүнүн, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчыларынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларынын өкүлдөрүнүн, жарандык коомдоштуктук ичинен 7ден кем эмес жана 11ден көп эмес санда Курултайдын уюштуруу комиссиясы (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
38. Белгилүү бир маселелер боюнча курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, Комиссия курултайды даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана бекитет.
39. Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жашаган жери боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары Бишкек шаардык кеңеш тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт жана курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн көбүнүн катышуусунда, алар тарабынан тиешелүү протоколдорду жол-жоболоштурууда гана анык деп эсептелет.
40. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда курултайга талапкерлерди жана делегаттарды көрсөтүү укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү ээ болушат.
41. Өткөрүлгөн чогулуштардын жыйынтыктары боюнча курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия шайланган делегаттардын ыйгарым укуктарынын аныктыгы жөнүндө чечимди шайланган делегаттарга, алардын ыйгарым укуктарын төрт жылга күбөлөндүрүүчү мандатты берүү жөнүндө чечимди кабыл алуучу Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизет.
42. Кандайдыр бир себептер боюнча делегат мөөнөтүнөн мурда чыгып кетсе, курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия чыгып кеткен делегат шайланган ошол аймактын гана жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулушунда жаңы делегатты шайлоону уюштурат.
43. Жергиликтүү жамааттын курултайынын күн тартиби, убагы жана өткөрүлүүчү орду делегаттарга курултайдын башталышына 10 күн калганда билдирилет жана коомдук жеткиликтүү жайларда жайгаштырылат, жергиликтүү жамаат таанышуу үчүн шаардын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланат.
44. Жергиликтүү жамааттын курултайы шайланган делегаттардын жарымынан көбү катышса, өз ишин баштоого укуктуу.
45. Жергиликтүү жамааттын курултайынын иши Кыргыз Республикасынын Гимнин милдеттүү аткаруу, курултайдын жумушчу органдарын – Президиумду жана чечимдерди кабыл алууда делегаттардын добушун эсептөө үчүн 4 кишиден турган эсептөө комиссиясын түзүү менен өткөрүлөт.
46. Курултайдын президиуму делегаттар тарабынан 9-11 адам санында, төмөнкү курамда түзүлөт:
төрага;
төраганын орун басары;
курултайдын катчысы;
президиум мүчөлөрү.
47. Курултайдын Президиуму коомдук башталыштарда иштейт жана зарылчылыгына жараша отурумдарды өткөрүү жолу менен кезектеги Курултайдын күн тартибине түшкөн сунуштарды чогултууну жана жалпылоону жүзөгө ашырган Курултайдын органы болуп саналат. Курултай тарабынан Президиумдун башка ыйгарым укуктары жазылышы мүмкүн.
48. Жергиликтүү жамааттын курултайын Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын делегаттарынын курагы боюнча улуусу ачат. Жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин анын жумушчу органдары түзүлгөндөн кийин курултайдын төрагасы алып барат.
49. Курултай мамлекеттик жана расмий тилдерде Курултайдын президиумунун бардык курамынын колу коюлган протоколду жүргүзүү менен өткөрүлөт.
50. Жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери курултайга катышкан делегаттардын көбүнчө добуштары аркылуу ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Делегаттардын добуштарын эсептөө эсептөө комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
51. Курултайдын чечимдери Бишкек шаардык кеңеши үчүн сунуштоо мүнөзүндө болот жана Бишкек шаардык кеңеши жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан каралат.
52. Жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери, протоколдору жана башка документтери Бишкек шаардык кеңешинде 5 жыл ичинде сакталат, белгиленген мөөнөтү бүткөндө архивге тапшырылат.
IX. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
53. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилгесине укуктуу. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси тартибинде Бишкек шаардык кеңешке киргизилген жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечилеринин жана жергиликтүү жамааттын башка өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен каралууга тийиш.
54. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна жергиликтүү жамааттын үчтөн биринен кем эмес мүчөсү ээ.
55. Ченем чыгаруу (элдик) демилгесин жүзөгө ашырууга чет элдик жарандар, мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалган жарандар катыша албайт.
56. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же Бишкек шаарынын аймагында киргизилген аскердик же өзгөчө абалдын шарттарында ченем чыгаруу (элдик) демилгесин жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
57. Ченем чыгаруу демилгесинин тартибинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген Бишкек шаардык кенешинин токтомдорунун долбоорлору Бишкек шаардык кеӊешине киргизилбейт.
X. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан
Бишкек шаардык кеңештин ченемдик укуктук актысынын (токтомунун) долбоорун демилгелөө тартиби
58. Бишкек шаардык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы 9 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Бишкек шаарынын аймагында жашаган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын аракетке жөндөмдүү мүчөлөрү демилгелүү топтун мүчөлөрү боло алат.
59. Демилгелүү топ «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны Бишкек шаардык кеңешине киргизүү үчүн кол тамгаларды топтоо, аны Бишкек шаардык кеңеши караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн түзүлөт.
60. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:
мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар аркылуу элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды жайылтууга;
чогулуштарда (курултайларда), жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардын кол тамгаларын топтоо учурунда Бишкек шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүттөө иштерин жүргүзүүгө;
мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткарууга.
61. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чогулушунун чечими демилгелүү топтун мүчөлөрү тарабынан кол коюлган протокол менен жол-жоболоштурулат.
62. Демилгелүү топтун чечимдери анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
63. Демилгелүү топтун координатору төмөнкүлөргө укуктуу:
демилгелүү топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында көздөөгө;
демилгелүү топтун ишин координациялоого;
токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол тамгаларды топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо үчүн үгүттөө иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерге катышууга.
64. Кол тамгаларды топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даярдалгандан кийин башталат.
65. Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, курултайларда көрүнүктүү атайын жерлерде (такталарда жана стенддерде) жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу жолу менен жарыяланышы керек.
66. Кол тамгаларды топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө таандык. Кол тамгаларды топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн сунушталган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамында белгиленген тиркемелер менен берүүгө милдеттүү.
67. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн кол тамгаларын чогултуу жашаган жерлери, жумушу, кызматы, окуган жери жана башка жерлерде жүргүзүлөт.
68. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо үчүн бир гана жолу кол коюуга укуктуу, ошондой эле кол коюу барактарынан өз кол тамгасын демилгелүү топко жана Бишкек шаардык кеңешке арыз жазуу жолу менен кайтарып ала алат.
Демилгелүү топ токтомдун долбоорун жергиликтүү жамааттын 5000ден кем эмес адамы тастыктаган кол тамгаларды чогултуп бүткөндөн кийин Бишкек шаардык кеңешине киргизет.
69. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги (же кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арызы менен кайрылат.
Токтомдун долбоорун кароо жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
Бишкек шаардык кеңешине токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган демилгелүү топтун чогулушунун протоколу;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамында жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинде каралган башка документтер;
демилгелүү топтун төмөнкү маалыматтарын камтыган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери (туруктуу), паспортунун сериясы, номери, Бишкек шаардык кеңешине демилгелүү топ тарабынан даярдалган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн кол тамгасы.
70. Элдик демилге тартибинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору Бишкек шаардык кеңеши тарабынан демилгелүү топтун катышуусу менен милдеттүү каралууга тийиш.
Бишкек шаардык кеңешинин иши мөөнөтүнөн мурда токтотулган жана аяктаган учурда, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн жана каралууга милдеттүүлүгүн сактайт.
XI. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары
71. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу максатында жергиликтүү жамааттын чогулуштары өткөрүлөт. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары бир көчөнүн, кварталдын, кичирайондун же конуштун аймагында, алар боюнча сунуштоолорду кабыл алуу менен өткөрүлөт.
72. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында төмөнкү маселелер каралат жана талкууланат:
аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларын уюштуруу боюнча, ошондой эле аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларынын шайлануучуларын шайлоо жана кайрадан шайлоо боюнча маселелер;
аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларынын иши жөнүндө отчётторду түзүү, кароо жана бекитүү боюнча маселелер;
аймактын жашоо-тиричилиги боюнча маселелер;
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалыматтары;
жергиликтүү жамааттын курултайларында каралуучу маселелер.
73. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана чечимдерин аныктоо ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте ачык жана айкын жүргүзүлөт.
74. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүнүн демилгечилери катары саны 9 кишиден кем эмес санда, тиешелүү көчөнүн, тиешелүү кварталдын, кичирайондун же конуштун аймагында жашаган демилгелүү топ, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери боло алышат.
75. Жергликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу тиешелүү көчөнүн, тиешелүү кварталдын, кичирайондун же конуштун аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогулушту өткөрүүгө чейин 10 күн мурун алдын ала кабарлоо менен демилгечилер тарабынан чакырылат.
76. Аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо менен байланыштуу кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары Бишкек шаардык кеңеш же анын төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан мөөнөттүү тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана кызыкдар жактарды алдын ала кабарлоо менен чакырыла алат.
77. Чогулуштун демилгечилеринин чечими боюнча Бишкек шаардык кеңешке, Бишкек шаарынын мэрине, аймактык бөлүмдүн тийиштүү жетекчилерине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушун маселени көрсөтүү менен өткөрүү жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
78. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунун чечими демилгечилер тарабынан жол-жоболоштурулган протокол түрүндө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат:
иш-чараны өткөрүү орду, датасы жана мөөнөттөрүн;
күн тартибин;
төраганы (төрагалык кылуучуну), катчыны;
катышуучулардын тизмесин же катышуучулардын тизмесине тиркелген шилтемени;
чогулушта сөзгө чыккандардын маалыматтарын көрсөтүү менен маселе (маселелерди) талкуулоонун жүрүшүн;
кабыл алынган чечимди.
79. Чогулуштун күн тартибине жергиликтүү жамааттын чогулушу чакырылуучу маселелер киргизилет.
80. Чогулуштун демилгечиси жергиликтүү жамааттын чогулушун өткөрүүнү даярдоодо:
чогулушту өткөргөнгө чейин 10 күн мурун жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн (көчөлөрдүн, кварталдын, кичирайондун, конуштун жашоочуларын) демилгечи жөнүндө, жыйынга чыгарылып жаткан маселе, иш-чараны өткөрүү тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарды, кулактандыруу жана башка кабарлоого мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен билдирүүнү уюштурат;
жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө (көчөлөрдүн, кварталдын, кичирайондун, конуштун жашоочуларына) жана чогулушка катышууга каалоосун билдирген бардык мамлекеттик органдардын кызыкдар өкүлдөрүнө, жеке жана юридикалык жактарга чогулушка эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт;
зарыл учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте чогулушка киргизилген маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан жазуу жүзүндө керектүү маалыматты, материалдарды жана документтерди сурайт;
зарыл учурда кеңеш берүү жана эксперттик иштерди аткаруу үчүн эксперттерди жана адистерди ишке тартат;
чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл учурларда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү, жыйынтыктоочу документти жол-жоболоштурууну камсыздайт;
чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт.
81. Чогулушту өткөрүү үчүн төрага жана катчы, зарыл учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы катышуучулар тарабынан шайланат. Катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добушу менен күн тартиби бекитилет.
82. Иш процессинде төрагалык кылган адам иш-чараны алып барат жана күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо тартибине көзөмөл жүргүзөт.
83. Сөзгө чыгуу бардык каалоочу катышуучуларга өтүнмөлөрдүн түшүүсү же кол көтөрүү иретинде берилет.
84. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселеге жараша аныкталат. Төрагалык кылган адам тыныгуу тууралуу чечим кабыл ала алат.
85. Чогулуштун катчысы иш-чаранын өтүп жаткан датасы, орду, катышып жаткан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тизмеси жана маалыматтары, чакырылгандардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөгөндөрдүн мазмуну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечимдер жана сунуштоолор көрсөтүлгөн протоколду жүргүзөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун чечимдери жана/же сунуштоолору келип катышкандардын ачык добуш берүүсү аркылуу көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
86. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте талкуулоонун жүрүшүндө айтылган ар бир маселе боюнча иш-чаралардын катышуучуларынын көз карашы жана пикири чагылдырылат.
87. Чогулуштун жыйынтыктары жабык маалыматтык такталарда протоколдун көчүрмөлөрүн илүү жолу менен жана башка мүмкүн болгон каражаттар аркылуу жарыяланууга тийиш.
88. Чогулуштун жыйынтыктары боюнча Бишкек шаардык кеңешке жана/же Бишкек шаарынын мэриясына чогулуштун протоколунун көчүрмөсү тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт. Бишкек шаардык кеңеш жана/же Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын кайрылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте чогулуштун чечимдерин жана сунуштоолорун аткаруу боюнча кабыл алынган же кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берет.
89. Эгер тийиштүү аймактын үйлөрүнүн же батирлеринин өкүлдөрү (көчөлөрдүн, кварталдардын, кичирайондордун, конуштардын жашоочулары) жалпы саны 30 %дан кем эмес катышса, чогулуш укук ченемдүү болот.
90. Эгер чогулушту өткөрүү үчүн тиешелүү аймактын жашоочулары (көчөлөрдүн, кварталдардын, кичирайондордун, конуштардын жашоочулары) же чакырылган катышуучулар керектүү санда чогулбаса, көрсөтүлгөн иш-чаралар чогулуштун демилгечиси аныкталган, бирок 15 күндөн кеч эмес мөөнөткө жылдырылат.
91. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу жазуу түрүндө жол-жоболоштурулган сурамжылоо (кол тамгаларды чогултуу) формасында өтүшү мүмкүн.
Добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
XII. Уставды кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
92. Жергиликтүү жамааттын ушул Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
93. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте юридикалык күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчисинин убактылуу
милдетин аткаруучу Б. А. Абдукова