Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 26-декабры № 29/23-9
“Чолпон-Ата шаарынын административдик аймагындагы жер салыктары жөнүндө”
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 05/1008 иш кагазынын негизинде, шаардык кеңештин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 4-декабрындагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаарынын бюджетинин салык төлөмдөрүн көбөйтүү максатында, жер салыгынын жана 1, 2, 3-группадагы мүлк салыгынын К 3 зоналдык коэффициентин Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна таянып, К 3 зоналдык коэффициенти:
-Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына - 1,2 өлчөмүндө;
-Базар жана кичи базарлардын жер салыгына - 1,2 өлчөмүндө;
- Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы учүн– 1,0 өлчөмүндө;
- 1, 2, 3-топтогу мүлксалыгына -1,2 , базар жана кичи базар – 1,2 өлчөмүндөбекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы Чолпон-Ата шаардык Кеңештин“Бюджет жана финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Токтомуратов |