Загрузка документа…
ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Ак-Суу району Тепке айылдык кеӊешинин 27-чакырылышынын кезексиз 18- сессиясы
2018-жылдын 22-декабры № 76
Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жер участокторунун эсебинен 1993-2000-жылдары жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун алууга укугу бар жарандарга жер участоктору Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн чечимисиз бөлүнүп берилгендигине байланыштуу жана менчик үй куруу үчүн жер участогун сурап арыз менен кайрылган жашоочулардын арыздарын канааттандыруу максатында .
Тепке айыл аймагынын айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү маселени карап жана КР Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык Тепке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тепке айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы 55,35 га жер участогу анын ичинен 50,15 сугат айдоо жана 5,2 га жайыт
а). Тепке айылынан 19,85га жер участогу, анын ичинен
-№173 контурдан 3,15 га сугат айдоо
- №57 контурдан 2,0 га сугат айдоо
- №61-контурдан 14,5 га сугат айдоо
-№179-контурдан 0,20 га сугат айдоо
б). Курбу айылынан 25,2 га жер участогу , анын ичинен
- №16-контурдан 20,0 га сугат айдоо
- №18-контурдан 2,5 га жайыт жер
-№21-контурдан 2,7 га жайыт жер
в). Жылдыз айылынан №342-контурдан 10,3 га сугат айдоо
Жогорудагы жер участоктору жарандарга үй курууга бөлүнүп берилгендиктен жана 1994-жылы жер үлүштөрүн бөлүүдө келечекте үй салуу үчүн айылдардын тегерегине калтырылгандыктан , Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга(трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу» №512-Токтомунун негизинде Тепке айылдык Кеӊешинин 2008-жылдын 03-апрелиндеги 25-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын «Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калкутуу конуштар категориясына которуу жөнүндө» №4 токтомундагы айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы 55,35 га жер участкасынын ичинен 50,15га сугат айдоо 5,2га жайыт жерлерин калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Тепке айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Искаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
А.З.Шаршембеков |