Редакцияот 19.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

 

2020-жылдын 19-сентябры №2

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020 - жылдын 6 ай ичинде социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери  жөнүндө»

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 6 ай ичинде  социалдык- экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап  Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         А.Сатыкуловдун 2020-жылдын 6 ай ичинде социалдык-экономикалык

өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2.         А.Сатыкуловдун 2020-жылдын 6 ай ичинде социалдык-экономикалык

өнүгүүсүндө аткарган иштери боюнча төмөнкүлөр 2020-жылдын аягына бүткөрүлүүсү белгиленсин.

-           Жаштык айылындагы ФАПтын учурдагы жер аянтын трансформациялоо

боюнча тиешелүү документтери бүткөрүлсүн;

-           Калкты турак жай менен камсыз кылуу жер аянттарын тарнсформациялоо;

-           Дыйкан, фермер чарбаларды үзгүлтүксүз эгин суу менен камсыз кылууну колго

алуу;

-           Калктын аярлуу катмары менен иш алып барууну жакшыртуу, аз камсыз болгон

үй- бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө аяр мамие жасоо менен, мүмкүн болушунча жөлөк пул алуучуларга көмөк көрсөтүүнү колго алуу;

-           Бирдиктүү терезе орнотуу жана ишке киргизүү;

-           Жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, жарандык абалдын

актыларын каттоо бөлүмүнүн ишин жакшыртууну колго алуу үчүн тиешелүү чаралады көрүү;

-           2020-жылдын II жарым жылдыгына ички-тышкы инвестицияларды тартуу

менен курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.

3.         Жогорудагы сын-пикирлерди эске алуу менен айыл өкмөт башчысы А.

Сатыкуловдун 2020-жылдын 6 ай ичинде социалдык –экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштнри жөнүндөгү маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.

4.         Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин

туруктуу комиссияларынын төрагасы С. Маматаевке, К. Калбековго, А. Расуловго жана Р. Сейталиевке милдеттендирилсин. 

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков