Редакцияот 19.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

 

2020-жылдын 19-сентябры №3

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 24-августундагы № 01-16/905 сандуу кайрылуусун угуп  жана талкуулап  Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун  2020-жылдын 24 -августундагы № 01-16/905  сандуу каты эске алынсын.

3. Учурдагы кырдаалга байланыштуу жергиликтүү тургундар арасында COVID-19 пандемиясынын алдын алуу, тиешелүү шарттарды түзүү максатында 6 даана кислород концентрантын сатылып алуу максатында 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты  жергиликтүү бюджеттин эсебинен  ажыратылып берилсин.

4.    Зарылчылыка байланыштуу алынып жаткан кислород концентрантын сапаттуу пайдалануу, калкка кызмат кылуусун камсыздоо,  кошумча шарттарды түзүү, учурдагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматты берип туруу жагы башкы дарыгер Ж. Наркуловага милдеттендирилсин.

5.    Ал эми ажыратылып берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

6.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков