БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2020-жылдын 19-сентябры №4
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 04- сентябрындагы № 01-16/939 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 04 – сентябрындагы № 01-16/939 сандуу каты эске алынсын.
3. Айыл чарба эгиндеринин сапатын жакшыртуу, таза химикат кошулбаган азыктарды өндүрүү, экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тесс центр ЖАЙЗЕТ уюмунун колдоосу менен Курама айылы органикалык аймак деп белгиленсин.
4. Аталган аймакты тиешелүү каражаттар менен камсыздоо, таза жашылча-жемиштерин өстүрүүнү камсыз кылуу жагы ЖАЙЗЕТ уюмуна сунушталсын.
5. Ал эми жетишээрлик деңгээлде колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |