Редакцияот 19.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

 

2020-жылдын 19-сентябры №5

№ 32 М. Т Дүйшембиев атындагы  орто мектебинин директору К. Асырановдун 22. 09. 2020-жылдагы № 01-145 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнү Жеңиш айылындагы  № 32 М. Т. Дүйшембиев орто мектебинин директору К. Асырановдун 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 01-145  сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бүргөндү айыл өкмөтүнү Жеңиш айылындагы  № 32 М. Т. Дүйшембиев орто мектебинин директору К. Асырановдун 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 01-145  сандуу кайрылуусу  эске алынсын.

2.    Аталган мектептин чатырын алмаштыруу максатында Жалпы сметалык баасы 3 530 777 (үч миллион беш жүз отуз миң жети жүз жетимиш жети) сомду түзгөн  долбоор артыкчылыктуу деп кабыл алынсын. Аталган долбоордун депозити үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

3.    Аталган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдап, тиешелүү чараларды көрүү жагы мектеп директору К. Асырановко  милдеттендирилсин.

4.    Аталган долбоорду ишке ашырууга тиешелүү деңгээлде колдоо көрсөтүү жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко  милдеттендирилсин.

5.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка  жарыялансын.

6.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков