Редакцияот 19.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

 

2020-жылдын 19-сентябры №6

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ж. Осмоновдун кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ж. Осмоновдун 2020-жылдын 05-августундагы № 01 сандуу жаңы ачылган ветеринардык сервиске эмеректерди алуу максатында жазган катын угуп  жана талкуулап  Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ж. Осмоновдун 2020-жылдын 05-

августундагы № 01 сандуу каты эске алынсын.

3. “АРИС” долбоорунун каржылоосу менен курулган ветеринардык сервиске эмерек алуу үчүн даярдалган долбоор артыкчылыктуу деп белгиленип, депозити үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен  ажыратылып берилсин.

4.    Долбоордун иш кагаздарын жетишээрлик деңгээлде даярдап суралган жерге

тапшыруу жагы ветеринардык адис Ж. Осмоновко милдеттендирилсин.

5.    Ал эми ажыратылып берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл

өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

6.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин

финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков