БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну №1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун айыл өкмөттүн регламентин жана жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндөгү 2020-жылдын 03-июнундагы № 01-16/629 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX II — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун жергиликтүү жамааттын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү 2020-жылдын 03-июнундагы № 01-16/629 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы өзгөрүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин (устав тиркелет).
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн регламентин мамлекеттик реестирге киргизүү жагы Жалал-Абад областындагы Юстиция башкармалыгынан суралсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVII-чакырылышынын 10.06-2020-жыл
XXXII-сессиясынын №1-токтому менен бекитилген
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын
У С Т А В Ы
- Жалпы жоболор
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааты.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктыры жана милдеттери.
- Аймактык өз алдынчабашкаруу
- Жергиликтүү жамааттын курултайы
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн өз алдынча башкаруусу
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин өз ара мамлелери
- Жергиликтүү маанидеги маселелер.
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кеңеши
- Айылдык округдун Кеңешинин төрагасы жанан төраганын орун басары
- Айыл өкмөттүн кеңешинин компетенциялары.
- Айыл өкмөттүн кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айыл өкмөтү
- Айыл өкмөттүн башчысынын кызматка киришуу жана анын иштен бошотулуу тартиби
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары.
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын компетенциялары. (иш чаралары)
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
- Айыл башчысы
- Талаш маселелердин чечилиши жана жоопкерчилиги
- Айыл өкмөтүнүн өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана каржыларынын негизи
- Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги
- Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыш
- Айыл өкмөттүн жергиликтүү жамаатынын Уставын кабыл алуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Бүргөндү айылдык кеңеши:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ыйгарымдуу укук актыларын колдонуп;
— Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жарандын жана коноктордун эмгектенүүсүно, эс алуусуна жана татыктуу жашоосуна шарт тузуп беруу максатында;
— коомдук тартипти жана тынчтыкты, жарандык ынтымакты, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды айкалыштырууга, аймагыбыздагы биримдикти камсыздоого умтулуп;
— демократиялуу, маданияттуу онуккон жарандык коом экендигибизди чечкиндуу онуктурууну каалап;
— адамзаттын оздук сапаттарынын озгочолуктору биринчи экендигин жарыялоо жарыялоо менен;
— айколдукту, чыдамдуулукту, гумандуулкту корсотуп, улуттун эн жакшы каадаөсалттарын сактап улуттук ар-намысты коргоп, жаратылыш менен айкылдашып, бардык элдер тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жонундо ата-бабалардын осуятын ыйык тутуп;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттуулугун чындоо жарыялап, мыйзамдарын сактап, жергиликтуу жаматтардын жана башкаруу органдарынын онугуусуно туздон-туз комок кылып, айл окмотунун жергиликтуу жамаатынын Уставын кабыл алат.
- Жалпы жоболор
- Бургонду айлы окмотунун жергиликтуу жамаатынын Уставы (мындан кийин Устав) – айыл окмоттун жергиликтуу жамаатынын негизи укуктук актысын, анын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын укуктук уюштуруу экономикалык, мулктук, каражаттык негиздерин тузуп, Эл аралык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар, мекемелер, коомдук бирикмелер жана жергиликтуу жамааттар менен ич ара байланыштарын камтыйт.
- Устав Бургонду айл окмотунун бардык аймактарында колдонулат.
- Бул Устав Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациясы жөнүндө” жана башка мыйзамдары менен шайкеш келген Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын колдорунун сунуштарын жана пикирлердин негизинде иштелип чыккан. Мыйзамдар менен Уставда карама-каршылыктар болсо, анда уставга өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилгенге чейин кабыл алынган Устав юридикалык жактан маанилуу болуп эсептелет жана колдонулат.
- Жергиликтүү жамаат өз символдорун, гербин, туусун жана гиминин кабыл ала алат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
— кыргыз тилинде – “Бүргөндү айыл өкмөтүнүн кеңеши” (андан ары – айылдык кеңеш);
— орус тилинде – “кенеш Бургондинской айылного округа” (мындан кийин — кеңеш);
— кыргыз тилинде – “Бүргөндү айыл округунун айыл өкмөтү”
— орус тилинде – “айыл окмоту Бургонду айыл Округа”
- Айылдык округ – жергиликтүү өз алдынча башкарусунун түзүлүшүндөгү укуктук уюм мекемеси.
- Менчиктин түрү – муниципалдык.
- Айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, юридикалык жагы, бухгалтердик балансы, эсептөө бөлүмү, мөрү жана Кыргыз Республикадагы банктарда эсеби бар уюм болуп эсептелет.
- Бүргөндү айылдык округунун аймактык чек аралары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат. Коомдук өз алдынча башкаруу жана башка түзүлүштөгү калктын өз алдынча уюмдарынын чек арасы айылдык округдук кеңешинин чечими менен аныкталат.
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү жамааты
- Кыргыз Республикасынын жарандары Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү жамааттарын түзөт, айылдык округда туруктуу жашоочулардын бириккен жалпы кызыкчылыгы, жергиликтүү маанидеги маселелери түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун окулдору жана аткаруучу-тескөөчү органдарынын жоопкерчилиги аркылуу чечилет.
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишке ашырууга жамааттык түздөн-түз катышуусу менен жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерди жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрүнүн жыйындарында, чогулуштарына, курултайларында жана башка формаларда талкуулоо, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жүргүзүлөт.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруу жергиликтүү жамааттын окучулугунун катышуусу менен айылдык кеңештер аркылуу жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууда 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары, жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлтүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, ынанымдарына карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу үкүгүна бирде мүмкүнчүлүктө ээ болот.
- Жергиликтүү жамааттар Эл аралык бирикмелерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыга албайт.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, айылдык кеңештин жыйналышында укук жаратуу демилгесин жергиликтүү маанидеги укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө укуктуу, Улуттук актылардын долбоорлору иштеп чыккан авторлодун милдеттүү түрдө катышуусу менен каралууга тийиш.
- Жергиликтүү жамааттын мучолорунун ыйгарым укуктары жана милдеттери
- Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү укуктуу:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоого жана шайланууга;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары профессионалдык негизинде (муниципалдык кызмат) же башатында өзүнүн иш жүргүзүүсүн ишке ашырууга;
— жергиликтүү жамаматтын жашо турмушунда керектүү маселелер боюнча шайланган өкүлдөр аркылуу, же түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө катышат;
— айыл өкмөтү, калкты кабыл алуу үчүн аныкталган жерден орун алып, алардын түздөн-түз укугуна жана эркиндигине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актылары менен тааныштырууга тийиш;
— муниципалдык уюмдар аркылуу тейлөө кызматындагы ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген жеңилдиктерди пайдаланууга;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген, керек болгон бардык сунуштар жана маселелери менен кайрылууга, жана алардын коюлган суроо талаптарына жооп алууга;
— айылдык кеңештин ачык сессиясы, жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүчөлөруүнүн жыйындарына жана чогулуштарына катышуу менен өз оюн ачык айтууга, айтылып жаткан маселелерге өз сын-пикирлерин керектүү учурда сунуш кылууга;
— Устав каралган жарандык укуктарын колдоно албаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарына, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо органдарына же сот органдарына кайрылууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уставда каралган башка бардык ыйгарым укуктарын колдонууга.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарын жана кабыл алынган Уставы аткарууга көмөк кылуу;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана Устав менен шайкеш келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткаруу;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келген коомдук түзүлүшкө, адеп-ахлактык талаптарга жооп бербеген, асыл нарктарды сактанбагандарга, Банги-заттарды колдонгондорго, сойкулука, аракечтерге, коомдук болуп жарандарга жана уруш-талаш чыгаргандарга каршы аёсуз, күрөш жүргүзүү;
— коомдук тартипти сактоо, улуттардын окулдорунун мүдөөлөрүн коргоо, сыйлоого, бирдиктүү түшүнүккө келүүгө, тынчтыкта жана ынтымакта жашоону камсыз кылууга умтулуу;
— жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый ажайып жайларды коргоо, эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү, сындырып бүлдүрүүчүлөр менен аёсуз Күрөш жүргүзүү;
— коомдук тартипти жана тазалыкты сактоого көмөк көрсөтүү;
— короолорду, ага жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү жана эс алуу жайларын жайгаштыруу;
— калк жашаган конуштарга, квартираларга тийиштүү аймактарда курулуш куруу, өрттөн сактануу, тазалыкты сактоо эрежелерин колдонуу;
— калк жашаган жерлерди, сууларды жылуулукту, электр энергиясын, жаратылыш ресурстарын, башка энергетикалыктарды, кыймылсыз мүлктөрдү рационалдуу пайдаланууга, сактого көмөк көрсөтүү;
— көрсөтүп жаткан тейлөө кызматтарынын акысыз, жергиликтүү салыктарды өз убагында чогултууну жана төлөнү камсыз кылуу.
4.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу.
- Жергиликтүү жамааттар социалдык, экономикалык маданий милдеттерин биргелешип чечүүгө, өз укуктары менен талапдарын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу максатында көп кабаттуу үйлөрдө, көчөлөрдө, кварталдарда, конуштарда, кичи райондордо, жамааттарда жана анын бирикмелеринде ичара жардам иретинде өздөрү жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маселелерди өз алдынча чечуу үчүн коммерциялык эмес жана башка жарандык уюмдарды түзө алат. Бул түзүлгөн жарандык уюмдардын өзүмдүк аты жана милдеттерин жашаган айылдык округдун төрагасынын макулдугу менен аныкталып, өзүнүн Уставы жана токтому менен бекитилет.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу аймактагы – үй, көчө кварталдык кеңештердин же өзүнчө уюштурулган түзүлүштөгү коомдук уюмдар, комитеттер катары сөзсүз түрдө айыл кеңештин каттоосунан өтөт.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактан өз статусун алгандан кийин ал өз Уставын жергиликтүү аймактык юридикалык органдан каттоодон өткөрөт, ошондой эле учурда анын көчүрмөсү андан ары бирдиктүү иш алып баруу үчүн айыл өкмөтүнө каттоого жиберилет.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык түзүлүштөрү өз ишинде алары шайлаган жарандардын чогулушуна, каттаган жана келишимге ылайык бекитилген органдарга отчет берет.
- Аймактын коомдук өз алдынча башкарууга айыл өкмөтү тарабынан аткаруу милдеттерин турак-жай эмес фонддорду, чарбалык объектерди, ошондой эле өздөрүнүн материалдык жана башка ресурстарын оперативдүү тейлөө үчүн аларды шайлап жиберген ыйгарым укуктары менен өткөрүп бериши мүмкүн.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өз аймактарынын маселелери боюнча:
— айыл өкмөтүнүн жана кеңешинин иштерине катышууга;
— айыл өкмөтүнүн жана кеңешинин чечимдерин аткарууга көмөктөшүүго;
— жарандардын жыйындарын, курултайларын чечимдерин аткарууну уюштурууга;
— аймактарды көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо иштерине катышууга;
— айыл өкмөтү менен ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана чарба субъектери менен келишимдик негизинде өз ара иштөөгө;
— жергиликтүү бюджеттин өз аймагын көрктөндүрүү, турак-жай фондун жана социалдык-маданий, тиричик жана чарбалык багыттагы объекттерди куру жана оңдоо боюнча иштерди аткарууга, айыл өкмөтү менен ушул максатка каралган каражаттарын жана жеке каржылык ресурстарды пайдалануу менен келишимдин негизинде заказчы катары чыга алат;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга каршы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- Аймакттык коомдук өз алдынча башкаруу органдары айыл окуругунун башчысы жана айыл өкмөтү менен биргелешип иштешет.
- Жамааттар аралаш (электер жана аялдар) топтор же өз алдынча топтун мүчөлөрүнүн макулдугу менен түзүлөт. Жамааттын айылдык кеңеш тарабынан бекитилген уюмдук уставы болот.
- Жамаат юридикалык Жак же юридикалык Жак эмес болуп түзүлөт.
- Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамлеси келишим түрүндө түзүлөт.
- Жамааттын бирикмеси-өзүнүн ишин багыттоо максатында, жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоосу менен биргелешкен долборду, жалпы олутту жана бөлөк маселелерди турмушка ашыруу үчүн өз ыктыяры менен түзүлгөн ассоциация (бирдиктер) түрүндөгү жамааттардын түзүлүшү.
- Жергиликтүү жамааттын курултайлары
- Коомдук пикирдин кеңири катмарына эсепке алууга, жашоо турмуштук маанилуу маселелерди ччууго калкты катыштырууну уюштуруу максатында жергиликтуу жамааттардын курултайлары откорулушу мумкун.
- Курултайга аймактын социалдык-экономикалык онугушун программалары, жергиликтуу бюджетти түзүү, мунуципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери коюлушу мүмкүн. Курултайдын чечими тийиштуу жергиликтүү кеңеш, айыл округунун башчысы жана айыл өкмөтү үчүн сунуш мүнөзүндө болот.
- Курултайдын делегаттарынын окучулугунун саны, аларды өткөрүү жана курултайлардын чечимдерин ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңеш менен белгиленет.
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусун-кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү, ошондой эле элдик курултайлар, жарандык чогулуштар аркылуу түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруу органдары жетектейт.
- Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруусу өз элдин атынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана кабыл алынган Уставдын негизинде аткарат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алдардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылуу, ишке ашырылат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өз ыйгарым укуктарынын негизинде өз чечимдерин чыгарат жана алар үчүн жоопкерчиликти алат.
- Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алып барат жана Муниципалдык кызматкер болуп эсептелип, окутуучулук, илимий чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акты төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Айыл өкмөтү саясий партияларды, уюмдарды жана кыймылдарды түзө албайт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат;
— мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
— өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өз каржылоо;
— мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын так аткарылышы;
— кеңеш, айылдык округдун башчысу жана айыл Өкмөтү, ошондой эле жарандардын жайындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу жарандардын эркин билдируусу;
— жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана таламдарын мыйзам чегинде коргоо;
— маалымдуулукту жана коомдук пикирди эске алуу;
— тийиштүү маселелерди чечүүдөгү коллегиялуулук, аларды эркин талкуулоо;
— кеңеш, айылдык округдун башчысы жана айыл өкмөтү өз компетенциясындагы маселелерди чечүүдөгү көз карандысыздыгы.
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин өз ара мамлелери.
- Конституциясынын принциптеринин чектеринин негизинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талабына ыйлайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органы, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен мамиле түзөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бийликтин органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандары конституциялык укуктарынын негизинде мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселердин ишке ашырууга шарт түзөт.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык, каржылык башка иш чараларын аткаруу үчүн мамлекеттик өзгөчө зарыл ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.
- Айылдык округдун карамагындагы жерлерди жана муниципалдык менчикттик органдар тарабынан колдонуусу менен байланышкан мамлекеттик, мүлктүк мамилелер, мамлекеттик менчикти жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдалануу келишимдин негизинде чечилет.
- 9. Жергиликтүү маанидеги маселелер.
- Айылдык округдун жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана онуктуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликүү маанидеги төмөнкү маселелер кирет;
1) айылдык округдун экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) айылдык округдун бюджетин түзүү, жана аткаруу;
4) калкты ичүүгө жарактуу суу менен камсыз кылуу ;
5) канализация жана тазалоо системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
6) муниципалдык жолдордун иштөөсүн камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануучу жерлерде жарык берүүнү уюштуруу;
8) корустондордун иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын корсотуу;
9) жалып пайдалануудагы жерлерди ынгайлаштыруу жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук имараттардын жана эс алуу жайлардын иштөөсүн камсыз кылуу;
11) тиричилик таштандылардын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык округдун чек араларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
13) айылдык округдук маанидеги тарыхый жана маданий ажайып жайларды коргоо;
14) айылдык округдарда китепканаларды уюштуруу жана иштешин камсыз кылуу;
15) айылдык округка тийиштуу жерлерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин белгилөө;
16) жарнактарды Мыйзамдарга ылайык жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоо комомк корсотуу;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;
19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
21) дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты камсыз кылуу;
22) өзгөчө кадырлардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга көмөк көрсөтүү;
23) айылдык округдун аймагында жылуулукту камсыз кылууну уюштуруу.
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби
- Айылдык округдун башчысы кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана берүү менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
- Айылдык округдун башчысы тарабынан бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым мселелерди аткарууну өткөрүп берүү, максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
- Бүргөндү айылдык округунун кеңеши
- Айылдык округдун кеңеше-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү кодекстин жана алардын статусу жөнүндөгү Мыйзамдарда белгиленген тартиптин негизинде төрт жылга түзүлөт.
- Айылдык округдун кеңештери жашырун добуш менен жалпы, тен жана тике шайлоо укугунун негизинде шайланган дупутаттардан турат.
Айылдык округдун Кеңеши округдагы калктын санынын эсебине жараша курамы 9-21 депутаттан турат.
- Кеңештин ишининин негизи уюштуруу-укуктук түрү кеңештин сессиясына болуп саналат. Сессияларды өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир сессияларга кеңеш бекиткен регламентке ылайык катышууга укуктуу. Эгерде карап жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, кеңеш жабык сессиянын өткөрөт.
- Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндөгү жарандарга алдын ала кабарлоо, алардын сессияларга Кириши үчүн шарттады түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндү жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү.
- Мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, кеңештин карамагына таандык болгон маселелер боюнча чечимдер шайланган депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери Токтом түрнүдү чыгарылат жана ага кеңештин торагасы кол коет.
- Кеңештердин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алган чечимдери айылдык округда жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түзүлүшүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде милдеттүү түрүндө аткарылат.
- Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тийешеси бар кеңештин чечимдик үкүктүк актысы Мыйзамдарга ылайык киргизилип, жергиликтүү юстиция органдарында мамлекеттик каттодон өткөрүлүүгө тийиш.
- Кеңештин ишин уюштурууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылат.
- Кеңештин ыйгарым укуктары Мыйзамдарга ылайык убактылуу токтотулуусун же толугу менен токтотулушу мүмкүн.
- Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
- Кеңештин торагасы жана орун басары кеңештин сессиясында депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү менен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүө шайланат жана өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат жана сессиянын иши учурунда кеңештин төрагасы бир жолу компенсация алат.
- Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана кызматынан бошотуу тартиби жана шайлоонунун башка жол-жобо масалелери тиешелүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Кеңештин төрага:
— кеңештин пландуу жана кезексиз сессияларын чакырат;
— сессияларда торагалык кылат жана регламентте каралган ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
— кеңештин чечимдерине кол коет;
— айылдык округду Кыргыз Республикасынын мамлекетинин бийлик органдарына, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук жана башка уюмдарга, чет өлкөлөргө тааныштырат;
— кенештин регламентине ылайык башка милдеттерди аткарат.
- Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кылат.
- Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда милдеттерин аткарат.
- Кеңештин компетенциясы
- Кеңештин компетенциясы:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) айылдык округдун бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары болгон башка фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндо маалыматты угуу;
3) айылдык округду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жайымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объектерин менчиктештирүү программасын бекитүү муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
6) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чектеринде картыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
7) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл-чарба жерлерин, чабындыларды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
8) айыл округунун башчысы, айыл округунун кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо;
9) айыл өкмөтүнүн иштери жөнүндө отчетун угуу;
10) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
11) депутаттардын жалпы көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
12) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
13) жергиликтүү жамааттын символикасы жөнүндө жобону бекитүү;
14) административдик аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
15) төраганын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
16) кеңештин регламентин кабыл алуу;
17) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылуу;
18) өкмөт аныктаган болжолдуу ченемдердин негизинде айылдык башчысынын сунушу боюнча айыл өкмөттүн штаттык санын жана түзүлүшүн бекитүү;
19) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
20) жергиликтүү жамааттын Уставына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
- Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Кеңештин сессиясында карала турган маселелерди даярдоого жана алдын ала чыгуу үчүн ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышууга жана бул чечимдерди ага караштуу айыл округдун аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары түзүлөт.
- Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамы жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт, мурда түзүлгөндөрдүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.
- Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Айыл өкмөтү
- Аткаруу бийлигин ишке ашыруу үчүн айылдык округда айыл өкмөтү иштейт.
- Айыл өкмөтүнүн аппараты-айылдык округдун кеңешинин депутаттарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт
- Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык округдун тийиштүү кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тийиштуу мамлекеттик органдарга отчет берет.
- Айыл өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге ылайык округдун башчысы кол коет.
- Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган актылары тийиштүү аймакта милдеттуу түрдө аткарылууга тийиштуу.
- Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, алар Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
- Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
- Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
- жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык округдун кеңештеринде бекитилгенден кийн аларды аткарат;
- тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды иштеп жана ишке ашырат;
- жаны жумушчу орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объектерди жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына откоруп берүүгө катышат;
- турак-жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Муниципалдык менчикте турган, ошондой эле айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү, фондунун жерлерин сарамжалдуу боюнча ши-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктуу иш чараларга көмөк к өрсөтөт;
- экономикалык, социалдык жана укуктук чойролордун өз ара аракеттенүүсүнө оболго түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
- Айылдык округдун башчысынын кызматка киришинин жана кызматтан бошотулушунун тартиби.
- Айылдык округду башчысы, облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укукту мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан альтернативдик негизинде сунуш кылынуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу аркылуу айылдык кенештин депутаттары тарабынан торт жылдык моонотко шайланат.
- Айылдык округдун башчысы шайлоо мөөнөтү Президент тарабынан дайындалат. Айылдык округдардын башчыларын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленет.
- Айылдык округдун башчысы шайлоого тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Тийиштүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
- Кеңештин депутаттары айылдык округдун башчысын шайлабай койгон райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык округдун кеңешине ошол же башка талапкерди сунуш кылууга укуктуу.
- Жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдык округдун башчысын кайрадан шайлабай койгон учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлануу дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч билдирет.
- Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналган адамайылдык округдун башчысы болуп шайланган учурда, ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү.
- Айылдык округдун башчысынын кызмат ордуна жогорку билим, мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш тажырыйба бар Кыргыз Республикасынын эмгеке жарамдуу жараны талапкер боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны айылдык округдун башчысы болуп шайлана албайт.
- Айылдык округдун башчысы – облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан төмөндөгүлөрдүн негизиндеээленген кызматынан мөөнөтүнөн мурда Мыйзамга ылайык бошотулушу мүмкүн.
— жекече арызынын негизинде,
— Мыйзамдарды, Президенттин жана Өкөмөттүн чечимдик укуктук актыларын аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун жергиликтүү кеңешинин сессиясынын макулдугу менен,
— соттун айып коюлган өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде,
— сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда,
— аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле каза болгон учурда.
— Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине кеткен учурда,
— Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда,
— эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда,
— айылдык округдун кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси ишеним көрсөтпөгөн учурда райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мумкун.
- Айылдык округдун башчысына айылдык округдук кеңешинин депутаттары ишеним көрсөтпөгөн учурда районду мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга жер жергиликтүү кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
- Айыр округдун башчысына айылдык округдун кеңешинин депутаттары кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимим аны ээлеген кызматынан бошонтот жана айылдык округдун башчысын жаңыдан шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүүнүч берет.
- Айылдык округдун башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, жаны башчы шайланганга чейин анын милдетин айылдык округдун башчысынын орун басары аткарат.
- Айылдык округдун башчысынын ыйгарым уктары
Айылдык округдун башчысы:
1) айыл өкмөтүнүн ишин жетектейт жана анын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) Айылдык окргудун кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуш кылат, айылдык округдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө кеңешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет.
3) өзүнүн ишинин натыйжасы жөнүндө жергиликтүү жамаатын курултайда калкка жылына бир жолудан кем эмес отчет берилет;
4) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча жергиликтүү кенешке сунуштарды киргизет;
6) кеңештин сессиясынын чакырылышы жөнүндө сунуш киргизет жана анын ишине катышат;
7) мамлекеттик мекемелерди жана уюмдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызматтан чечттетүү жөнүндөгү маселелерди коюуга укуктуу;
8) тийиштүү мамлекеттик аймактык мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
9) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ыйлайык округдун башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
10) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечуу боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле жергиликттүү кеңешке тиешелүүлөрдөн тышкары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
11) мамлекеттик бийликтин органдарында, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү мамлекеттик эмес, коомдук жана башка уюмдарда айыл окргуду көрсөтөт;
12) белгиленген тизмеде мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды сыйлап берүү жөнүндө өтүнөт;
13) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.
19 Айылдык округдун орун башчысынын ыйгарым укуктары
- Айылдык округдун башчысынын орун басары айылдык округдун башчысы жок болгон мезгилде анын ордун алмаштырат жана айылдык округдун башчысына жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
- Айылдык округдун башчысынын орун басары аткарган иш милдеттери үчүн айылдык округдун башчысынын алдында жоопкерчилик тартат.
- Айыл башчысы
- Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин натыйжалуу тез чечүүнү уюштуруу максатында айылдык округдардын кеңешинин чечими боюнча айыл бышчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
- Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн чечимим менен ага өткөрүлүп берилген милдеттерди калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанып калган урп-адаттары менен салттарына жараша аткарат.
- айыл башчысы айылдык округдун башчысы тарабынан аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
- Талаш маселелеринин чечилиши жана жоопкерчилиги
- Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык органдарынын алдында жоопкерчиликтуу, анын ичинде ал өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мүдөөлөрүнө, айылдык округдук чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө төлөп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартышат.
- Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин жана жарандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу айылдык округдун органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдун органдарынын мыйзамдуу талаптарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негизин түзөт:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айылдык округдарга бекитилип берилген салктык жана салктык эмес кирешелердин булактары;
— муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер;
— кредиттик жана башка ресурстары;
— ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдык округдун аймагында ишин жүргүзүүгө ашырган ишканалар, уюмдар жана мекемелелер;
— пайдалануу кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлктөр;
— балуу кагаздар;
— табигый ресурстар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана кабыл алынган Уставга каршы келбеген жана башка булактар түзөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен каржы жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүү жана аткаруу тартиби жана башка принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
- Жергиликүү өз алдынча башкаруунун айылдык округдук органдары – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүүчү субьектерди түзүүгө, аларды кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечүүгө укуктуу.
- Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги
- Жеке менчик, мамлекеттик менчик, ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка жеке менчик ээлери деген мыйзамында аныкталган эмес бардык мулктор, айылдык округдун аймагындагы жаратылыш обьектилери жана жер тилкелери, айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигинин карамагына кирет.
- Муниципалдык менчик чарбаны алып баруу, калктын кызыкчылыгын колдогон же натыйжалуу колдоно билген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүлүштөрүнүн бөлүмдөрүнө берилет.
- Жалпы колдонуучу жерлер: аянттар, көчөлө, өткөлдөр, жолдор, жер алды менен өтүү, тротуарлар, жээктер, парктар, токой парктары, коруктар, скверлер, бакчалар, бульварлар, көлмөлөр, жаратылыш эстеликтери, тарыхы жана маданияты, ден-соолукту чыңдоо жана тарыхый-маданият маанидеги обьектилериайыл округ башчысынын көрсөтмөсү менен тизмеде каралып кеңеш бекитет, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн нерселер болсо, мүлк элдики болот жана аны алып коюуга болбойт.
- Айылдык округдун кыймылсыз муниципалдык мүлкү мамлекеттин бирдиктүү кыймылсыз обьектеринин реестринде обьет катары каттоодон өтөт.
24. Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыш
1.Айылдык округдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар.
Бул укуктар ишке ашырылат:
— Эл аралык келишимдерди бекитүү жана аткаруу жолу менен жергиликтүү жамааттын пайдасына багытталган жана бөлөк иш аракеттерин иш жүзүнө ашыруу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, региондор, шаарлар жана поселкалар, ошонун ичинде Эл аралык денгээлде кызматташуу, тууганчылык мамилелер жөнүндө бекитилген келишимдер;
— Эл аралык уюмдардын ишине катышып, алардын иш аракетинин ич ара муниципалдык кызматташуусуна, муниципалдык башкаруусуна жана жергиликтүү олуттуу маселелерди чечүүгө багытталган;
— Эл аралык ассоциациялрга бирдиктерге жана Ассаблеяга киргенге.
- Келишимге протоколго жана башка укуктуу иш кагаздарына кол коюу жана айылдык округду көрсөтүү укукгу айылдык округдун башчысына жана кеңештин төрагасына таандык болот.
25. Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү жамааттын Уставын каблы алуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
- Айылдык округдун жергиликтүү жамаатынын Уставы жана ага дагы жаны өзгөртүүлөр, кошумчалар депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн кем эмес сунушу менен кеңеште кабыл алынат.
- Жергиликтүү жамааттын Уставы, агы көпчүлүк добушу менен өзгөртүүлөр жана кошумчалар депутаттардын жалпы саны менен кеңеште кабыл алынат
- Жергиликтүү жамааттын Уставы, ага юстиция органдарынын жыйынтыгынан кийин өзгөртүүлөр жана кошумчалар кеңеште кабыл алынат.
- Бүргөндү айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставы юстиция органдарында каттоодон өтөт.
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. А. Сатыкулов