Редакцияот 10.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы

2020-жылдын 10-июну № 3

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин ыссык-тамака өткөрүү маселеси боюнча жазган сунушун  угуп жана талкуулап  Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин Бириккен Улуттар уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ыссык тамака өткөрүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
  1. № 19-А. Казаков атындагы орто мектебин ысык тамака өткөрүү максатында ашкананын ремонту үчүн суралган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
  1. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков