БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 5
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун айыл өкмөттүн аймагындагы жер маселеси боюнча 2020-жылдын 03-июнундагы № 01-16/628 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX II — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 03-июнундагы № 01-16/628 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
- Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарына этият мамиле жасоо, жер маселесин чечүүдө мыйзам бузууларды болтурбоо, максаттуу иш алып баруу жагы колго алынсын.
- Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарын иретке келтирүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
- Такталган маалыматтар айылдык кеңештин алдында түзүлгөн жер комиссиясынын кароосуна коюлуп Бүргөндү айылдык кеңешинин келээрки сессиясына сунушталсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |