БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 6
Ж. Каракожоев айылынын тургуну Асылбек кызы Арзыкандын арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну Асылбек кызы Арзыкандын арызын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX II — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну Асылбек кызы Арзыкандын арызы эске алынсын.
- А. Асылбек кызынын турак-жай салуу үчүн жер участогун сурап кайрылган арызын мыйзам чегинде карап, кезектүүлүгүн эске алуу менен, мыйзам бузуулардын алды алуу менен арызды чечип берүү жагы арыз ээсине кабар берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
- Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарына этият мамиле жасоо, жер маселесин чечүүдө мыйзам бузууларды болтурбоо, максаттуу иш алып баруу жагы колго алынсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |