Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 7
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Жанай-Сай көчөсүнүн тургуну Муратова Алтынайдын арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Жанай-Сай көчөсүнүн тургуну Муратова Алтынайдын арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Жанай-Сай көчөсүнүн тургуну Муратова Алтынайдын арызы эске алынсын.
2. II топтогу майып А. Муратованын оорусуна байланыштуу ден-соолугун чыңдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 (он миң) сом ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты менен камсыз кылылуу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
З.Арстанбеков |