БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII- сессиясы
2020-жылдын 27-июну № 1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 25-июнундагы № 01-16/697 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX III — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 25-июнундагы № 01-16/697 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
- 2020-жылдын 24-июнь күнү Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын туругундары менен болгон жыйындын № 8 протоколу жана жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган Ношкен айылына кошумча бир шайлоо участогун ачуу жөнүндөгү чечими бекитилсин
- Жаңы шайлоо участогун ачууга тиешелүү иш кагаздарын даярдап тапшыруу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
- Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына сушун, кайрылуу жеткирүү менен жаңы шайлоо участогун ачууга көмөктөшүү жагы Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |