Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII- сессиясы
2020-жылдын 27-июну № 2
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу, калктын саламаттыгын камсыз кылуу максатында билдирген кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 26- июнундагы № 06-2/1976 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чет мамлекеттен келген жарандарды карантиндин шарттарын сактоо үчүн обсервация менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 102 000 (жүз эки миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты менен камсыз кылылуу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |