БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 16-октябрь № 2
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
2014-жылдын 17-июлундагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобосу бекитилсин
2. Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү курамда биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгүдөй курамда бекитилсин
- А. Каракожоев – а/ө башчысынын орун басары;
- Г. Шадыканова – а/ө соц. маселелер боюнча адиси;
- Б. Мамытов - а/ө инвестиция тартуу боюнча адиси;
- Б. Абдуллаев – Кызыл-Кыя айылынын айыл башчысы;
- К. Калбеков – айылдык кеңештин депутаты;
- Т. Жоробаев- айылдык кеңештин депутаты;
- К. Токторали уулу – айылдык кеңештин депутаты.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |