Редакцияот 16.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI- сессиясы

 

2020-жылдын 16-октябрь № 1

Муниципалитеттер арасында кызматташуу жобосун бекитүү  жөнүндө

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз XXXVI- сессиясы, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасында кызматташып иш алып баруу үчүн эки тараптуу кызматташуу жобосу жөнүндөгү билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXVI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасында кызматташуу жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.    Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагы “Хельветас” долбоорунун жергиликтүү координатору Б. Мамытовко милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

4.    Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке  милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков