Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 16-октябрь № 3
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун айыл өкмөттүн аймагындагы “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” Муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен колдоо көрсөтүү зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” Муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу үчүн “Хелветас” уюму менен биргеликте иш алып баруу максатында 2021-жылга карата аталган долбоорду колдоо иретинде 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Аталган долбоордун тиешелүү иш кагаздарын даярдап тапшыруу жагы “Хелветас” уюмунун жергиликтүү координатору Б. Мамытовко милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөттүн аймагындагы жер аянттарын иретке келтирүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты менен мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |