Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы

 

2020-жылдын 16-ноябрь № 1

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында каттуу турмуш –тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча тарифти бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бүргөндү айыл аймагынын КТКны ташып чыгаруу тарифи төмөнкүдөй баалар менен бекитилсин;

-         1 адамга, 1 айга -12 сом 00 тыйын;

-         Юридикалык жактарга 1 мз на, 1 айга -174 сом 00 тыйын

2.    Айыл өкмөтүнүн аярлуу катмарынан  тандалып алынган 150 адамга катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда 50% жеңилдик берилсин;

3.     Калктын аярлуу катмарына берилген жеңилдиктер айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин;

4.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин

финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.      

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков