Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы

 

2020-жылдын 16-ноябрь № 2

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап  Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун маалыматы жактырылсын.

2.    Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджеттин болжолдуу долбоору бекитилсин.

3.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков