БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Жогоруда бекитилген социалдык – экономикалык өнүгүү планына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн экономист-статисти Э. Сопиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |