БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 4
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 13-ноябрындагы №01-16/1169 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 13-ноябрындагы №01-16/1169 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесине АРИСтин аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында алынып келинип жаткан Трактордун 25% депозити же 340 000 (үч жүз кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу, аталган техниканын документтери, жалпы сметалык баасын жана колдонулушун көзөмөлгө алуу, “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси менен өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актыларын, эки тараптуу келишимдерин түзүп тиркөө жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |