Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 5
“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы З. Абийбилла уулунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси З. Абийбилла уулунун жумушунда болуп жаткан тоскоолдуктар, мыйзам буучулуктарды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сурап жазган арызын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Намаздык -Ата” жайыт бирикмесинин ишин жөнгө салуу зарылдыгы, мыйзам чегинде өткөрүп берүү- алуу актысы жол-жоболордун негизинде жүргүзүлүүсү зарыл экендиги эске алынсын.
2. Аталган ишкананын ишин жөнгө салуу, чечилбей келе жаткан маселени жеринде кароо максатында төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
- А. Каракожоев- айыл өкмөт башчысын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Э. Сопиев- айыл өкмөттүн экономист-статисти, комиссиянын катчысы;
- З. Абийбилла уулу- “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси, комиссиянын мүчөсү;
- Р. Сейталиев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- С. Разакулов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3. Аталган техникалардын баардык юридикалык документтери, АРИС долбоору
менен түзүлгөн келишимдери жана айыл жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилген депозиттин тиешелүү документтери “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси З. Абийбилла уулуна акты менен өткөрүп берүү жагы комиссиянын төрагасы А. Каракожоевке жана комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Техникаладын сапаттуу пайдаланылышын толук көзөмөлгө алуу жагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси З. Абийбилла уулуна жүктөлсүн.
5. Ал эми жогоруда айтылган ишкананын ишин жөгө салуу, тоскоолдуктарды 1
жуманын ичинде жоюу жана кемчилдиктерди калыбына келтирүү, маселелерин мыйзам чегинде чечүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |