БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 6
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылына жаңы шайлоо участкасын ачуу жана №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Маматовдун 2020-жылдын 22-январындагы № 01-05/01 сандуу катындагы маалыматты угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 265 токтому менен 2021-жылдын 10-январына дайындалган КРдин Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Курманкуловдун 2020-жылдын 06-ноябрындагы № 01-05/20 сандуу каты эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында шайлоочунун саны көп болгондугуна байланыштуу жаңы шайлоо участкасы ачылсын.
3. Айыл өкмөттүн аймагындагы №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамына тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 265 токтому менен 2021-жылдын 10-январына дайындалган КРдин Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Курманкуловдун 2020-жылдын 06-ноябрындагы № 01-05/20 сандуу каты Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамы 5 (беш) жылдык мөөнөткө бекитилсин.
5. Жогоруда белгиленген участкалык шайлоо комиссияларынын курамын мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |