Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы

 

2020-жылдын 16-ноябрь № 7

№ 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кокондук айылындагы № 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин эскилиги жеткен ажаткананы жаңыдан куруу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кокондук айылындагы № 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2.    Эскилиги жеткен ажаткананы балдардын коопсуздугун эске алуу менен жаңы ажаткана курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3.     Жогоруда айтылган ажаткананы сапаттуу курулуусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

4.    Жогоруда көрсөтүлгөн 30 000 (отуз миң) сом  акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика мөлүмүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

5.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков