Редакцияот 16.112020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы

 

2020-жылдын 16-ноябрь № 8

№ 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кокондук айылындагы № 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин окуучуларга жаңы заманбап шарттарды түзүү, спорт зал куруу зарылдыгы  жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XXXVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кокондук айылындагы № 39 Н. Зайнидинов орто мектебинин директору М. Тойчубаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2.    Мектеп окуучуларын замандын талабына ылайык жакшы шарттар менен камсыз кылуу максатында спорт залга болгон муктаждыгы эске алынсын.

3.    Аталган мектепке спорт зал куруу үчүн, спорт залдын долбоорун даярдоо колго алынсын.

4.    Аталган долбоорду 2021-жылда келеткрган проектерге биринчилерден болуп сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко  милдеттендирилсин.

5.    Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду жасатууга керектелүүчү акча  акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика мөлүмүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

6.    Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке  жүктөлсүн.       

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:

З.Арстанбеков