Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 9
Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын директору А. Мамасадыкованын 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 01-14/694 сандуу катын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын директору А. Мамасадыкованын 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 01-14/694 сандуу катында айтылган учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кычкылтек баллондорун толтурууга акча каражатынан көмөк көрсөтүүнү сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын директору А. Мамасадыкованын 2020- жылдын 12-ноябрындагы № 01-14/694 сандуу каты эске алынсын.
2. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кычкылтек баллондорун толтурууга көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Саламаттыктык сактоо тармагына зарылчылыка жараша көмөк көрсөтүү жана зарыл шарттары түзүп берүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика мөлүмүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |