Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 10
“Абад” коомдук фондунун жетекчиси К. Раимкуловдун катын кароо жөнүндө
“Абад” коомдук фондунун жетекчиси К. Раимкуловдун 2020-жылдын 21-октябрындагы № 27 сандуу катындагы маселени угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Абад” коомдук фондунун жетекчиси К. Раимкуловдун 2020-жылдын 21-октябрындагы № 27 сандуу каты эске алынсын.
2. “Абад” коомдук фонду менен биргеликте иш алып баруу, “Жергиликтүү экономиканы биргеликте пландаштыруу жана өнүктүрүүдө” колдоо көрсөтүү максатында төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
- А. Каракожоев- айыл өкмөт башчысын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Б. Мамытов- айыл өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;
- С. Маматаев - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- М. Маккамов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- Ш. Толомурзаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3. “Абад” коомдук фонду менен биргеликте иш алып баруу, колдоо көрсөтүү, суралган маалыматтар менен камсыз кылуу, тиешелүү деңгээлде шарт түзүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |