Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 11
Айылдык кеңештин депутаты А. Абдиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты А. Абдиевдин айыл өкмөттүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө, бөлүштүрүүдө талаптардын сакталбай жаткандыгы, бирдей укуктардын сакталбай жаткандыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү, бөлүштүрүү учурунда катталап жаткан мыйзам бузуучулуктар жана кемчилдиктер эске алынсын.
2. Жер маселелсин чечүүдө жер комиссиясынын биргеликте мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтунүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жол-жоболору мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүнө көзөмөлжүргүзүү жана иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |