Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 16-ноябрь № 12
Чарбак айылынын турундарынын арызын кароо жөнүндө
Чарбак айылынын тургундарынын, жергиликтүү тургундардын саламаттыгына кам көрүү максатында айылга ФАП курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбак айылынын тургундарынын айылдык кеңештин төрагасы З. Арстанбековдун жана айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун атына жазган арызы эске алынсын.
2. Чарбак айылынын тургундарынын ФАП курууга жер аянтын ажыратып берүүнү сурап жазган арызын жер комиссиясынын биргеликте карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөтунүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Жыйынтыгы боюнча арыз ээлерине жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Каракожоевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |