МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 15- кезексиз сессиясы
2020-жылдын 7-август № 11
«Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2 МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу жөнүндө
«Ак-Буура Групп» ЖЧКсынын 2020-жылдын 4-август күнгү №35 сандуу катына карап чыгуу менен бирге Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2020-жылдын 21-апрель күнгү №14-4/3673 сандуу катта көрсөтүлгөн ЭКБнын алкагында «Исфайрам 14 МВт» долбоорунун биринчи этабын Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Гоорум-Майдан каналынын Аустан участкасына «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2 МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭС курууга уруксат берилсин
- Майдан айыл өкмөтүнө «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан 2 МВТ кубаттулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.