МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 16- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 30-октябрь № 14
Бел-Алма көмүр кени боюнча «Беш Арча» ЖЧК сынын социалдык пакетиндеги келишими жөнүндө
Бел-Алма көмүр кени боюнча «Беш Арча» ЖЧК сынын социалдык пакетиндеги келишимин талкуулап, Майдан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Беш Арча» ЖЧК сынын 26.10.2015 жылы берилген 4412СЕ лицензиясынын № 1 лицензиялык келишими жокко чыгарылып кайрадан түзүлсүн.
2. «Беш Арча» ЖЧКсы менен Майдан айыл өкмөтүнүн ортосундагы соц пакет келишими да жокко чыгарылып кайрадан түзүлсүн;
3. Лицензиялык келишимди түзүүдө Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынын толук катышуусу камсыздалсын;
4. Ушул токтомдун 1,2 жана 3 пунктун аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын отун өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигине сунушталсын;
5. Майдан айылдык кеңешинин атынан атайын кат даярдалып, КР Президентине жана ГКПНге жөнөтүлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышы Майдан айылдык кеңешинин тоокен жана бюджет комиссиясына жүктөлсүн;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Тагаев |